Дүйнөлүк басма сөз 5.02.2018-9.02.2018
Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу бир жумалык маалыматтар.

Иран, Фарс маалымат агенттиги: «Ирандын улуттук газ кампаниясынын башкы директору Хамид Рыза Ираки, Ирандын Түркияга газ карызынын төлөнүшү темасындагы келишпестиктин чечилээрин билдирди».
Франция, AFP агенттиги: «Расмий сапар менен Ватинга барган президент Режеп Таййип Эрдоган, католиктердин руханий лидери Папа Франциск менен бетме-бет сүйлөштү».
Грузия, Interpressnew агенттиги: «Премьер-министр Бинали Йылдырым, «Зайтун бутагы» операциясынын максатынын Түркиянын улуттук коопсуздугун камсыздоо экенин белгиледи».
АКШ, Turkish American New маалымат порталы: «Түркияда өткөн жылы 2016-жылга салыштырмалуу жалпы автоунаа өндүрүшү 13 пайыздык өсүү менен 1 миллион 674 миңге, автомобиль өндүрүү болсо 18 пайыздык өсүү менен 1 миллион 121 миңге жетти».
АКШ, Американын үнү вебсайты: «Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, АКШнын террордук уюм ЙПГге көрсөткөн колдоосунун өнөктөштүккө терс таасирин тийгизгенин айтты».
Германия, DW веб-сайты: «Вице-премьер жана өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг, Нидерландия менен дипломатиялык карым-катнаштардын уланганын айтты».
АКШ, Американын үнү вебсайты: «Түркиядан АКШга ЙРГ билдирүүсү: террорист кийимин кийген бутабыз болот».
Крым, QHA маалымат агенттиги: «Түркия күрөш боюнча эл аралык аренеада 92 жылда Олимпиада, Дүйнө жана Европа чемпионаттарында жалпы 1 миң 512 медаль алып, дүйнөдө эң көп медалга ээ болгон өлкөлөрдүн арасында орун алды».
Германия, DPA маалымат агенттиги: «Европа Биримдиги президент Режеп Таййип Эрдоганды 26-мартта Болгариянын Варна шаарында өтө турган жыйынга чакырды».
АКШ, АР маалымат агенттиги: «Президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын фракция жыйынында АКШнын аскерлерин Мүнбичтен чыгып кетүүгө чакырды».
Крым, QHA маалымат агенттиги: «Түркиядан Нигерияга электр энергия кызматы».
АКШ, Американын үнү VOA: «Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын виза тартиби үчүн Европа Биримдиги тарабынан көздөлгөн 72 критерийдин бардыгын аткарганын айтты».
Крым, QHA маалымат агенттиги: «Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Путин телефондо сүйлөштү».
Иран, Фарс маалымат агенттиги: «Түркия менен Өзбекстандын президенттери өткөргөн телефон сүйлөшүүсүндө, Анкара менен Ташкенттин ортосундагы алакалардын көп жактуу түрдө өнүктүрүлүшү боюнча токтолушту».