Сауд Арабия эки спутник учурду

Сауд Арабия алдыңкы технология менен жогорку пикселдүү фотографияларды тартуу максатында эки байкоочу спутник учурду.

Сауд Арабия эки спутник учурду

Сауд Арабия алдыңкы технология менен жогорку пикселдүү фотографияларды тартуу максатында эки байкоочу спутник учурду.

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги СПАнын кабарына караганда "Saudi Sat 5A" жана "Saudi Sat 5B" деп аталган эки спутник Кытайдагы Цзюцюань учуруу борборунан космоско жиберилди.

Король Абдулазиз билим жана технология шаарынын төрагасы Турки бин Сууд бин Мухаммед космоско жиберилген спутниктерден жогорку пикселдүү фотографияларды тартууну максат кылгандыгын, булардын да түрдүү улуттук өнүгүү долбоорлорунда колдонуларын айтты.

Бин Мухаммед эки спутникти башкаруу Король Абдулазиз билим жана технология шаарындагы борбордон жүргүзүлөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар