Иракта Садрга караштуу аскердик жетекчи өлтүрүлдү

Куралдуу кишилердин кол салуусуна учураган шиит лидер Муктеда ес  - Садрга караштуу куралдуу күчтөр Серайа ес  - Селамга (Тынчтык бригадасы) мүчө Хүсейин ел  - Хижами каза болду.

Иракта Садрга караштуу аскердик жетекчи өлтүрүлдү

Ирактын борбор шаары Багдатта шиит лидер Муктеда ес  - Садрга караштуу  куралдуу күчтөргө таандык бир аскердик жетекчи ким экендиги белгисиз кишилер тарабынан жасалган куралдуу кол салууда өлтүрүлдү.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Багдаттын түндүгүндөгү Еш  - Шуле аймагында ким экендиги азырынча белгисиз  куралдуу кишилердин кол салуусуна учураган шиит лидер Муктеда ес  - Садрга караштуу куралдуу күчтөр Серайа ес  - Селамга (Тынчтык бригадасы) мүчө Хүсейин ел  - Хижами каза болду. Атынын билдирилишин каалабаган бир Садр Кыймылынын жетекчиси Хижаминин куралдуу кишилер тарабынан өлтүрүлгөндүгүн жана жаназасынын Багдаттагы юстициялык медицина мекемесине алып барылгандыгын айтты.

Окуя тууралуу дагы көп маалымат берүүдөн алыс болгон Садр кыймылынын жетекчиси расмий мекемелерден кол салууга байланыштуу иликтөө баштоосун күтүп жатышкандарын айтты.

Хижаминин ошол эле учурда саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар