Эл аралык Атом Энергиясы Агенттиги Фукусима үчүн чукул план түзүүгө чакырды

Япония өкмөтү радиоактивдүү сууну Тынч океанына карай агызуу да болгон 5 жолго токтолууда.

Эл аралык Атом Энергиясы Агенттиги Фукусима үчүн чукул план түзүүгө чакырды

Эл аралык Атом Энергиясы Агенттиги UAEA,   Японияда Фукусима атомдук апаатынан кийин станциядагы танктарда сакталган чоң көлөмдөгү радиоактивдүү суунун жок кылынышына байланыштуу чукул кыймыл планынын түзүүгө чакырды.

Эл аралык Атом Энергиясы Агенттиги эксперттеринен турган 13 кишилик делегация бир жумаг созулган иликтөөдөн кийин Токиодо басма сөз кызматкерлерине маалымат берди.

Эксперттер 1 миллион тоннага жакын радиоактивдүү суунун станциянын коопсуздугу үчүн олуттуу экендигин, суунун станция жайгашкан аймакта жүздөгөн танкада сакталышынын убактылуу гана чечүүчү жол экендигин жана «ылдам» түрдө бул жерден чыгарылышы керектигин айтты.

Японияда 2011 -  жылы 11 -  мартта болгон жана 16 миңге жакын киши каза болгон 9 баллдык жер титирөө жана андан кийин болгон цунами Фукусима атомдук станциясындагы үч реактордун ээрүүсүнө жана радиоактивдердин чыгышына себеп болгон.

Ушул себептен аймакта жашаган он миңдеген киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон.

Япония өкмөтү радиоактивдүү сууну Тынч океанына карай агызуу да болгон 5 жолго токтолууда. 

Атомдук эксперттер суунун океанга аыгызылышын бир гана чыныгы жол катары мүнөздөп жатса, балыкчылар менен эл буга каршы чыгууда.

Фукусимадагы радиоактивдердин чыгышын толугу менен текшерүүгө алынышы, станциянын тазаланышы ондогон жылдарга созулары болжолдолууда.



Тектеш кабарлар