Францияда мугалимдер митингге чыгышты

Митингге чыккандар мектептерге жана билим берүү  жаатына дагы көп мүмкүнчүлүк берүү талаптары жазылган плакаттар менен жүрүштү.

Францияда мугалимдер митингге чыгышты

Францияда мугалимдер өкмөттүн билим берүү реформасы жана мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтуу чечимине каршы  митингдер өлкө масштабында өткөрүлдү.

Митингдер оболу борбор шаар Париж жана Лион, Марсель,  Бордо, Нант жана Кан сыяктуу шаарларда да өткөрүлдү. Парижде чогулган миңдеген мугалим ураандардын коштоосунда билим берүү министрлигине карай жүрдү.

Митингге чыккандар мектептерге жана билим берүү  жаатына дагы көп мүмкүнчүлүк берүү талаптары жазылган плакаттар менен билим берүү министри Жан-Мишель Бланкенге каршы ураандар менен жүрүштү.

Франциянын билим берүү минитстрлиги жалпы өлкөдө мугалимдердин 11, 33 пайызынын иш таштоого катышкандыгын билдирди.

Эң ири билим берүү профсоюзу болгон Snes-FSU болсо колледж жана лицей мугалимдеринин 50 пайызынын иш таштоого катышкандыгын жарыялады. Өлкөдө 2011 -  жылдан бери бардык профсоюздардын чакыруусу менен   өткөрүлгөн  жана каттоого иш таштоо деп катталган митингде президент Еммануэль Макронго каршы ураандар айтылды.



Тектеш кабарлар