БУУнун журналист Кашыкчы тууралуу билдирүүсү

БУУнун башкы катчысынын пресс – катчысы Фархан Хак : «Болгон окуяны жакындан иликтеп жатабыз»,- деди.

БУУнун журналист Кашыкчы тууралуу билдирүүсү

БУУ саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын киши колдуу болгондугуна байланыштуу абалдардын иликтенгендигин жана тергөөлөрдүн натыйжасында таштала турган кадамдардын каралып чыгыларын билдирди.

БУУнун башкы катчысынын пресс – катчысы Фархан Хак күнүмдүк пресс брифингинде Кашыкчы кылмышы тууралуу берилген суроо боюнча : «Болгон окуяны жакындан иликтеп жатабыз»,- деди.

Тийиштүү өлкөлөрдүн тергөөсүн иликтеп жаткандарын белгилеген Хак тергөө бүткөндөн кийин БУУнун таштала турган кадамдарды карап чыгарын айтты. Хак БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррештин ылдам жана так түрдө тергөө жүргүзүүгө чакыргандыгын эске салды.

Саудиялык журналист Жемал Кашыкчыдан 2 -  октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугуна киргенден кийин кабар алына алган эмес.

Сауд Арабия башкаруусу 18 күндөн кийин Кашыкчынын консулдукта киши колдуу болгондугун кабыл алууга мажбур болгон.

Стамбул республикалык башкы прокурорлугунан берилген маалыматта : «Киши колдуу болгон Жемал Кашыкчы 2018 -  жылдын 2 -  октябрында Сауд Арабия королдугунун Стамбулдагы консулдугунда мурунтадан түзүлгөн пландын негизинде консулдук имаратына кирери менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Сөөгү да мурунтадан түзүлгөн план боюнча бөлүкчөлөргө бөлүнүп жок кылынган»,- деп билдирилген.



Тектеш кабарлар