Тажикстанда абакта көтөрүлүш чыкты

Көтөрүлүштө 2 коопсуздук кызматкер менен 25 кылмышкер каза тапты.

Тажикстанда абакта көтөрүлүш чыкты

Тажикстандын Хүжент шаарында абакта чыккан көтөрүлүштө 2 коопсуздук кызматкер менен 25 кылмышкер каза тапты.

Тажикстандын басма сөзүндө орун алган кабарга караганда Хүженттеги өлкөнүн эң чоң экинчи абагында кечээ көтөрүлүш чыкты.

Коопсуздук кызматкерлерине таандык куралдарды колго алган кылмышкерлердин тегерекке ок атышы менен 2 коопсуздук кызматкери жана 25 кылмышкер каза болду. Атайын күчтөр тарабынан көтөрүлүштүн бастырылгандыгы тууралуу маалыматты бөлүшкөн жетекчилер көтөрүлүштүн террордук уюм ДЕАШ мүчөсү кылмышкерлер тарабынан баштатылгандыгын билдиришти.



Тектеш кабарлар