Мекке - Мадинанын ортосунда ылдам жүрүүчү поезд каттамы

Долбоор 25 -  сентябрда Сауд  Аравиянын королу Селман бин Абдүлазиз тарабынан аткарылган

Мекке  - Мадинанын ортосунда  ылдам жүрүүчү поезд каттамы

Сауд Аравиянын Мекке менен Мадина шаарларынын ортосунда ажылар менен умрага баргандардын келип – кетүүлөрүн жеңилдете тугран Харамейн ылдам жүрүүчү поезди биринчи каттамын аткарды.

Сауд Аравиянын маалымат агенттиги СПАнын кабарына караганда Жакынкы Чыгыштын эң чоң транспорт долбоорлорунан болуп саналган Харамейн ылдам жүрүүчү поездинин Мадина -  Меккенин ортосунда каттамдар башталды.

Харамейн ылдам жүрүүчү поезд долбоорунун директору Саад  -  еш Шехри бири бирине карата биринчи каттамдарын 417 жүргүнчүсү менен бирдей убакта ишке ашыргандыгын айтты.

Долбоор 25 -  сентябрда Сауд  Аравиянын королу Селман бин Абдүлазиз тарабынан аткарылган. Мекке  - Мадинанын ортосунда 2 миллиард доллар жумшалган ылдам жүрүүчү поезд жолунун жылда 60 миллион  жүргүнчүнү тейлеши күтүлүүдө.

Өнөр жай аймактары, экономика шаары, аэропорт жана шаар борборлорун бири бирине байланыштырган 460 километрдик жол  кургактык жолу менен 4 саатка созулган аралыкты саатына 300 километр ылдамдык менен 1 саат 20 минутага түшүрүп жатат.

Сауд Аравия өткөн жылы  2 миллион 400 миңге жакын ажы, 7 миллионго жакын умрачыны тосуп алган.

 



Тектеш кабарлар