Кытайда динозавр жумурткаларынын фосилдери табылды

Гуанинтанг айылында жасалган казуу иштеринде 15 даана динозавр жумурткасынын фосили табылды.

Кытайда динозавр жумурткаларынын фосилдери табылды

Кытайдын чыгышындагы Цзянь аймагында 80 миллион жылдык динозавр  жумурткасынын фосилдери ачыкка чыгарылды. Кытай Коммунисттик партиясынын расмий массалык маалымат каражаты Глобал Таймс гезитинин кабарына караганда Цзяндын Йиву шаарына караштуу Гуанинтанг айылында жасалган казуу иштеринде 15 даана динозавр жумурткасынын фосили табылды.

Жумуртка фосилдеринин кээ бирлери чогуу табылса, кээ бирлери да ар башка жерлерде табылган. Фосилдер иликтөө жүргүзүлүү үчүн Йиву шаар музейине жиберилди. Цзянь музейинин улуттук тарыхый жер билдирүү департаментинен изилдөөчү Ду Тиенминг фосилдердин 80 миллион жыл мурункусуна таандык экендигин билдирди. Ду «аз кездешкен» деп мүнөздөгөн табылганын жергиликтүү географиялык изилдөөлөрдү колдоосу менен бирге келечекте билим жана билим берүү иштерине салым кошорун билдирди.

Гуанинтанг айылынын жакындарында өткөн жылдарда да динозаврларга таандык издер табылган. Кытайда өткөн ай да өлкөнүн түндүгүндөгү Хыбей аймагында 130 миллион жыл мурункусуна таандык динозавр фосилинин калдыктары ачыкка чыгарылган болчу.

 

 



Тектеш кабарлар