АКШдагы "Майкл" борошосу

АКШнын түштүк чыгыш жээктеринде таасирдүү болгон «Майкл» борошосунда каза болгондордун саны бешке жетти.

АКШдагы "Майкл" борошосу

АКШнын түштүк чыгыш жээктеринде таасирдүү болгон «Майкл» борошосунда каза болгондордун саны бешке жетти.

Флорида аймагына караштуу Гадсден шаарынын шериф офисинен берилген маалыматта тропикалык борошого айланган «Майкл» борошосунда шаарда 4 кишинин каза болгондугу билдирилди. Жоржия провинциясынын Семинол шаарында болсо үстүнө дарак кулаган бир баланын каза болгондугу билдирилди. Борошо саатына 80 километр ылдамдыкта.

АКШ улуттук борошо борбору берген маалыматында Түштүк Каролина провинциясынын түндүк чыгышынын тропикалык борошонун таасири астында экендигин жарыялады. Өзгөчө Виржиния менен Түндүк жана Түштүк Каролина провинцияларында суу баскындарынын болушу боюнча эскертүү берилди.

«Майкл» борошосу Флоридада акыркы 100 жылда болгон, АКШда 1992 -  жылы болгон «Эндрю» борошосунан кийинки күчтүү борошо катары мүнөздөлүүдө.

«Майкл» борошосу Кариб деңизинде тропикалык борошо катары башталып, жекшемби күнү борошого айланган.



Тектеш кабарлар