АКШдагы апаат

Селдин себебинен Түндүк жана Түштүк Каролинада көп сандаган үйдү суу каптады.

АКШдагы апаат

АКШнын чыгыш жээгин уруп өткөн Florence куюну тропикалык бороон-чапкынга айланды. Түндүк жана Түштүк Калорина штаттарында каза тапкандардын саны 11ге жетти.

Ак үйдүн жарыясына караганда АКШнын президенти Дональд Трамптын Түндүк Каролинаны апаат аймагы деп жарыялаганы жана алдыдагы аптада аймакка сапар жасала ала турганы маалымдалды.

Селдин себебинен Түндүк жана Түштүк Каролинада көп сандаган үйдү суу каптады.

Жооптуу кызматтагылар сел сууларынын бир метрге жете ала турганы боюнча эскертти. Эки штатта бир миллиондон ашуун киши үйүнөн ажырады.

Түндүк Каролинанын Вильмингтон шаарында да катуу шамалдын себебинен теректер ордунан омкорулду, селдин айынан көп сандаган үй суу астында калды, айдоочулар суу астында калган жолдордо араңдан зорго унааларын айдап жатышат.

Бороон-чапкындын себебинен 2 миңден ашуун учак каттамы жоюлду.

10 миллион кишиге таасир тийгизе турганы белгиленген бороон-чапкындын 170 миллиард доллардык зыянга учурата турганы божомолдонууда.



Тектеш кабарлар