Кытайдын фирмасы Перс булуңундагы долбоордо эң чоң үлүшкө ээ болду

Акциялардын өткөрүлүшү менен CNPC, 5 миллиард доллардык долбоордо эң чоң үлүшкө ээ болгон фирмага айланды.

Кытайдын фирмасы Перс булуңундагы долбоордо эң чоң үлүшкө ээ болду

Франциянын мунай зат жана жаратылыш газ фирмасы Тоталдын АКШнын жаңы санкцияларын себеп көрсөтүп Перс булуңундагы Түштүк Парс газ аянтынан чыгып кетүүсү менен долбоордогу көпчүлүк үлүшкө Кытай ээ болду.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын Ирандын мамлекеттик мунай зат фирмасынын жооптуу кызматкери Мухаммед Мустафавиге таянып берген маалыматына караганда долбоордо 30 пайыздык үлүшкө ээ болгон Кытайдын мамлекеттик мунай зат фирмасы (CNPC), Тоталдын долбоордогу 50 пайыздык акциясын сатып алып 80 пайыздык үлүшкө ээ болду.

Акциялардын өткөрүлүшү менен CNPC, 5 миллиард доллардык долбоордо эң чоң үлүшкө ээ болгон фирмага айланды.

Трамп башкаруучулугу, Иран менен түзүлгөн атомдук келишимден чыгып кетишинен кийин токтотуп койгон санкцияларын кайрадан киргизе баштады.

Ирандын АКШ долларына жетүүсүнө,мамлекеттик облигация сатуусуна, алтын жана башка баалуу металдар менен болот, алюминий, көмүр сыяктуу металдар менен соода кылуусун жана жүргүнчү учагы же бөлүкчөлөрүн импорттоосуна бөгөт болуучу санкция пакети 7-августтан тарта расмий түрдө күчүнө кирген.



Тектеш кабарлар