Мексика деңизге тосмо курат

Тосмолор келээрки жумага чейин жайгаштырылышы мүмкүн.

Мексика деңизге тосмо курат

Мексика, жээкке чыгып калган деңиз балырларына каршы Кинтана-Роо штатындагы Канкун аймагынын пляждарында деңизге тосмо курууга чечим чыгарды.

Кинтана-Роо штатынын экология боюнча жооптуу кызматкери Альфредо Ареллано Гильермо, биринчи жолу сынала турган жана балырлардын жээкке чыгып калышына бөгөт болууну максаттаган тосмолордун келээрки жумага чейин жайгаштырылышын үмүт кылганын белгиледи.

Деңизге курула турган тосмолордун Канкун жээктеринин экологиялык тең-салмактуулугун коргоо жана аймактагы отелдердин туризм кирешелерин арттырышы көздөлүүдө.

Тосмолордун наркынын 200 миллион Мексика песосу (орто эсеп менен 10,5 миллион доллар) болоору билдирилди.

Жооптуу кызматкерлер тосмолордун деңиз жаныбарлары менен соода кемелери үчүн коркунуч жаратпагандыгын белгилешти.



Тектеш кабарлар