Непалда жер көчкү болду

Жер көчкүдө эң аз 8 киши каза болду.

Непалда жер көчкү болду

Непалда муссон жамгырлары себеп болгон жер көчкүдө эң аз 8 киши каза болду.

Жергиликтүү басма сөздө чыккан кабарларга караганда жалпы өлкөдө таасирдүү болгон жамгыр жаашынан Бхактапур шаарында жер көчкү болду.

Бхактапур полициясынын катчысы Химал Шреста 111 кишинин куткарылгандыгын белгилеп, 3 миңден ашуун кишинин коопсуз аймактарга эвакуациялангандыгын билдирди.

1000ге жакын кишиден турган бир группанын эвакуация иштерине катышкандыгы белгиленди.

Метеорологиядан берилген маалыматта жамгыр жаашынын кийинки күндөрдө да улантылары боюнча эскертүү берилди.

Өлкөдө жыл сайын июль – октябрь айларында жааган муссон жамгырларынан улам жүздөгөн киши каза болууда.



Тектеш кабарлар