Дональд Трамптын Британия сапарына карата каршы чыгуулар

АКШнын президенти Дональд Трамптын Британияга жасаган сапарына каршы борбор шаар Лондон жана бир топ шаарда митингдер өткөрүлдү.

Дональд Трамптын Британия сапарына карата каршы чыгуулар

АКШнын президенти Дональд Трамптын Британияга жасаган сапарына каршы борбор шаар Лондон жана бир топ шаарда митингдер өткөрүлдү.

Борбору Лондон болгон расизимге каршы иш алып барган «Расизмге каршы тур»  аттуу жарандык коом кыймылы менен Британиядагы согушка каршы топ «Согушту токтоткула коалициясынын» кызматташтыгында уюштурулган алгачкы кыймыл үчүн митингчилер кечээ премьер  - министрликтин Лондон тышындагы атайын турак жайында чогулушту.  

Аралдагы сапарынын экинчи күнүндө Трамптын премьер  - министр Тереза Мэй менен ушул жерде жолугушарын билген митингчилер митингде англис лидерди Трамп менен жолугушпоого чакырышты.

Митингде Трампты Британияда каалашпагандарын белгилеген митингчилер  Трамптын лидер эмес экендигин, аялдардын душманы жана үй  - бүлөлөрдү бөлгөн киши экендигин айтышты.

Кечээ түштөн кийин борбор шаар Лондондо башталган жана «Расизмге каршы тур», «Климаттык өзгөрүүгө каршы кампания», «Согушту  токтотуу коалициясы» менен «Атомдук куралсыздануу кампаниясы» аттуу группалар уюштурган митинг үчүн митингчилер англис басма сөз органы ББСинин алдында жолугушту.

Ушул эле митингге колдоо берген Британиядагы «Британия мусулман биримдиги» менен Палестинаны колдогон кампаниялар жүргүзгөн «Ел Аксанын достору» да ББСи жакынындагы Кавендиш аянтында жума намазын окушту.

Намаздан кийин мусулман коомдун мүчөлөрү ББСиге барып Трампка каршы митингге катышты. Бул жерден башталып шаардын белгилүү Трафалгар аянтына карай жүргөн митингчилер жүрүштө «Трамп жогол» жана «Трамп үйүңө кайт» деген ураандар менен жүрүштү.

Митингчилердин Трафалгар аянтына барышы менен бул жерде сүйлөнгөн сөздөрдө премьер  - министр Мэй менен Ханыша 2 -  Елизабеттин Трамп менен жолугушпашы жана өлкөгө киргизбөө үчүн чакыруу салынды.

Эл аралык коомго да Трампка кысым жасоо боюнча чакыруу салышты.



Тектеш кабарлар