Япониядагы сел жана жер көчкүлөрдөн каза тапкандардын саны көбөйүп баратат

Хиросима, Окаяма жана Эхиме шаарларында 70 миңден ашуун куткаруучу кызматкер иштеп жатат.

Япониядагы сел жана жер көчкүлөрдөн каза тапкандардын саны көбөйүп баратат

Япониядагы сел жана жер көчкүлөрдөн каза тапкандардын саны 200гө жетти.

Жооптуу кызматкерлер дайынсыз жоголгон 60 кишинин дагы деле изделип жатканын, каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экендигинин санааркатканын маалымдашты.  

Хиросима, Окаяма жана Эхиме шаарларында 70 миңден ашуун куткаруучу кызматкер иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар агенттигине караганда, баш калкалоочу жайларда орто эсеп менен 6 миң 700 киши бар.

Өлкөдө 19 аймакта 5 миллион 900 киши үчүн эвакуациялоо буйругу берилген болчу.

Сел жана жер көчкүлөрдөн эң көп жабыркагандар Хиросима, Ахиме, Окаяма, Ямагуни, Киото, Гифу, Шига, Хиого, Кочи жана Фукуока аймактарында катталды.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ сел апаатынын себебинен Европа жана Жакынкы Чыгышка сапарларын жылдырган болчу.



Тектеш кабарлар