Афганстанда бир Америка жана бир афган аскери каза болду

Бир жумага жакын убакыт мурда да америкалык бир аскер өлтүрүлгөн.

Афганстанда бир Америка жана бир афган аскери каза болду

Афганстандын чыгышында жүргүзүлгөн операцияда чыккан кагылышууда Америка жана афган аскери каза болду.

Афганстанда НАТОнун составында  кызмат кылган Чечкиндүү колдоо миссиясынан берилген маалыматта кагылышууда афган аскерлеринен жаралангандардын да болгондугу белгиленди.

Маалыматта каза болгон Америка аскеринин ким экендиги азырынча жашыруун экендиги билдирилди. Афганстандын түштүгүндө бир жумага жакын убакыт мурда да америкалык бир аскер өлтүрүлгөн.

 

 



Тектеш кабарлар