Сирияда зарин газынын колдонулгандыгы ырасталды

Сириянын Латемне аймагына 24 – 25 – мартта жасалган кол салууда зарин жана хлор газынын колдонулгандыгы ырасталды.

Сирияда зарин газынын колдонулгандыгы ырасталды

Сириянын Латемне аймагына 24 – 25 – мартта жасалган кол салууда зарин жана хлор газынын колдонулгандыгы ырасталды.

Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун берген маалыматында Абалды аныктоо миссиясынын жарыяланган отчетунда 24 -  мартта Сириянын Латемне аймагына жасалган кол салууда зарин газынын химиялык курал катары колдонулгандыгы ырасталгандыгы баса белгиленди. Маалыматта  Абалды аныктоо миссиясынын 2017 – жылы 25 -  мартта Латемне аймагындагы ооруканага жасалган кол салууда болсо хлор газынын химиялык курал  катары колдонулгандыгы аныкталгандыгы билдирилди. Так  бир жыйынтыкты алуу үчүн маалымат жана материалдардын чогултулушунун, күбөлөрдү угуу жана  материалдарды анализдөөнүн көпкө созулгандыгы белгиленди.

Отчеттун тарап мамлекеттерге жана БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунушталгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар