Дональд Трамп ОРЕСти айыптады

OPEC нефть бааларынын маанилүү өлчөмдө түшүшүнөн кийин 2016 -  жылы ноябрь айында өндүрүштү чектөө чечимин чыгарган.

Дональд Трамп ОРЕСти айыптады

АКШнын президенти Дональд Трамп нефть бааларынын жогору болушунан Нефть экспорттогон өлкөлөр уюму OPECтин жооптуу экендигин айтты. Трамп социалдык бөлүшүү сайты твиттерден берген маалыматында : «Нефть баалары абдан жогору, артында дагы OPEC бар, бул жакшы эмес»,- деди. Трамп апрель айында да OPECти нефть бааларын жасалма  түрдө жогорулатуу менен айыптаган.

OPEC нефть бааларынын маанилүү өлчөмдө түшүшүнөн кийин 2016 -  жылы ноябрь айында өндүрүштү чектөө чечимин чыгарган.

Бир канча жолу узартылган өндүрүштү чектөө келишими бул жылдын акырына чейин улантат.

OPEC жана OPEC тышындагы өлкөлөрдүн министрлеринин 22 – 23 -  июнда Венада жолугуша турган жыйында өндүрүшкө карата чечимдин такталышы күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар