Компьютер каракчыларынын кибердик чабуулу күчөдү

АКШ жана Украинанын билдирүүлөрүндө кибер кол салуулардын артында Орусиянын турганы айтылды.

Компьютер каракчыларынын кибердик чабуулу күчөдү

Акыркы үч аптадан бери өзгөчө Украинаны бутага алган компьютер каракчыларынын 54 өлкөдө 500 миң интернет башкаруучу аппаратка киргени белгиленди.

Компьютер системалары боюнча фирма Сисконун кибер коопсуздук департаменти каракчылардын «VPNFilter» аттуу жаман максаттуу программа менен 54 өлкөдө үй жана кичине кеңселердеги 500 миң интернет башкаруучусуна киргенин жарыялады.

Анда «VPNFilter» программасы менен интернет башкаруучу аппараттардан байланыш маалыматтары чогултула ала турганы, кибер чабуул коюла ала турганы жана бир гана команда менен аппараттар жабылып программаларынын өчүрүлө ала турганы айтылды.

Сисконун отчетторуна караганда 2016-жылдан бери колдонулган жаман максаттуу программа менен акыркы 3 жумадан бери Украина бутага алынууда.

АКШ жана Украинанын билдирүүлөрүндө кибер кол салуулардын артында Орусиянын турганы айтылды.

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги «VPNFilter» менен болгон акыркы чабуулдарда мындан мурда орус каркчылар колдонгон коддорго жетилгени белгиленип Украинада алдыдагы айда белгилене турган Конституция күнү же 26-майда борбор шаар Киевде өткөрүлө турган УЕФА чемпиондор лигасынын финалы тууралуу кибердик кол салуу боло турганынын эскертүүсүн кылган.

«VPNFilter» кирген аппаратты колдонулгус абалга келтирүүчү кыйратуучу жөндөмдүүлүккө ээ болгонун жарыялаган Министрлик, программанын аппараттарды бир-бирден же бир учурда баарына таасир тийгизе алганын, ушул себептен жүз миңдеген колдонуучунун интернет байланышын үзө ала турганы белгиледи.


Этикеткалар: каркчылар

Тектеш кабарлар