Орусиянын курал экспорту өсүүдө

Орусиянын курал экспорту санкцияларга карабастан 2017 -  жылы 2016 -  жылга салыштырганда 2, 3 пайызга өстү.

Орусиянын курал экспорту өсүүдө

Орус мамлекеттик коргонуу өнөр жай фирмасы Ростехтин СЕОсу Сергей Чемезов Орусиянын курал экспортунун санкцияларга карабастан 2017 -  жылы 2016 -  жылга салыштырганда 2, 3 пайызга артып, 13, 4 миллиард долларга жеткендигин айтты. Чемезов Орусиянын президенти В. Путин менен Сочиде өткөргөн жолугушууда Ростехтин так пайдасынын 2017 -  жылы 2016 -  жылга караганда 38 пайызга артып, 121 миллиард рублга башкача айтканда 2 миллиард долларга жеткендигин белгиледи.

Ростехтин 11 -  коргонуу өнөр жайында 15 холдинг жана бул холдингдин ичиндеги жалпы 700 фирма менен ишин улантып жаткандыгын айткан Чемезов : «Ростехтин базар баасы да акыркы 10 жылда үч эсеге чыгып 13 триллион рублды ашып өтү»,- деди.

Стокгольм эл аралык тынчтык иликтөөлөрү институту тарабынан жарыяланган отчетко караганда дүйнөдө курал экспортунун жалпы 20 пайызын ишке ашырган Орусия 2017 -  жылы АКШдан кийинки дүйнөнүн эң чоң экинчи курал экспортчусу болду.

 

 



Тектеш кабарлар