Майк Помпео - Эшреф Гани сүйлөшүүсү

Террордук уюм Талибан мүчөлөрүнүн 12 -  майда Фарах аймагынын борборуна жасаган кол салуусунда 30 киши каза болгон.

Майк Помпео - Эшреф Гани сүйлөшүүсү

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Афганстандын президенти Эшреф Гани менен АКШнын Түштүк Азия стратегиясы каралган телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

АКШнын тышкы иштер министрлиги Помпеонун Гани менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүнө байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди. Маалыматта : «Мамлекеттик катчы Помпео президент Дональд Трамп да белгилеген АКШнын Түштүк Азия стратегиясынын негизинде Афганстанга колдоосун билдирди. Афган армиясынын Фарах аймагын коргоосун колдогондугун билдирди»,- деп белгиленди. Сүйлөшүүдө өзгөчө Помпео жана Ганинин эки өлкөнүн ортосундагы күчтүү карым  - катнашты карап чыгышкандары, Помпеонун Афганстандын жол башчылыгындагы тынчтык процессине колдоосун да сүйлөшкөндөрү билдирилди.

Террордук уюм Талибан мүчөлөрүнүн 12 -  майда Фарах аймагынын борборуна жасаган кол салуусунда 30 киши каза болгон.

Аймак борборунун бир бөлүгүн колго алган Талибанга каршы баштатылган операцияда 200 террорист жок кылынып, уюмдун мүчөлөрү жеңилүүгө учуратылган.

 



Тектеш кабарлар