Еврей отурукташуучу 11 жаштагы баланы унаасы менен сүздүрдү

Жараланган бала ооруканага жаткырылды.

Еврей отурукташуучу 11 жаштагы баланы унаасы менен сүздүрдү

Басылып алынган Батыш Шериада еврей отурукташуучу унаасы менен палестиналык баланы сүзүп кетти. Наблустун түштүгүндөгү Хаваре аймагында еврей отурукташуучу унаасы менен Ямен Тайыл Авде аттуу 11 жаштагы палестиналык баланы сүздүрдү. Жараланган бала ооруканага жаткырылды.

Израиль аскерлери да териштирүү үчүн окуя болгон жерге барышты.

Израиль басып алган жерлерде еврей отурукташуучулар кээ кээде унаалары менен «атайылап» сүзүү менен палестиналыктардын жаралануусуна себеп болууда.



Тектеш кабарлар