Эбола коркунуч жаратууда

Эболадан каза тапкандардын саны 23кө жетти.

Эбола коркунуч жаратууда

Конго Демократиялык Республикасындагы эбола эпидемиясынын себебинен өткөн айдан бери каза тапкандардын саны 23кө жетти.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүндө өлкөнүн Бикоро, Ибоко, Вангата жана Мбандака аймактарында 4-апрелден бери эпидемияны жугузуп алган 44 адамдын катталганы белгиленди.

Оорунун айынан каза болгондордун саны 23кө жеткени белгиленген билдирүүдө, эпидемияга байланыштуу элге этият болуу чакырыгы айтылды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, өлкөнүн түндүк-батышындагы эпидемияны алдын алуу үчүн кечээ аймакка кызматкерлерди, шаймандарды жана эболага каршы 4 миң дозалык вакцина жөнөткөн болчу.



Тектеш кабарлар