Дональд Трамп Кытай менен Европа Биримдигин "эрке" деп мүнөздөдү

Трамп НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен Ак үйдөгү жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Дональд Трамп Кытай менен Европа Биримдигин "эрке" деп мүнөздөдү

 АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай жана Европа Биримдигин «эрке» деп мүнөздөдү. Трамп НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен Ак үйдөгү жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Вашингтондо АКШнын казына министрлигинде америкалык жана кытайлык жетекчилердин ортосунда башталган экинчи турда соода борборлору тууралуу сөз сүйлөгөн Трамп ийгиликтүү жыйынтыктын чыгарына «шектенүү» менен карагандыгын белгилеп : «Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болобу? Шектенүү менен карап жатам. Себеби Кытай абдан эркеледи. Европа Биримдиги да эркелеп жатат. Башка өлкөлөр да ошондой. Себеби АКШдан эмне кааласа ар дайым 100 пайыз алышты. Мунун дагы көп ишке ашуусуна уруксат бербейбиз»,- деди.

Европа Биримдиги, Япония, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдүн көптөгөн жылдардан бери АКШдан көп акча алгандыгын ортого салган Трамп : «АКШ үчүн соода ар дайым бир тараптуу жол болду»,- деди.

АКШнын Кытай тарабынан көптөгөн жылдар «алдангандыгын» айткан Трамп : «Бул үчүн Кытайды күнөөлөбөймүн. Биздин өлкөбүздүн өткөн күндөрдөгү лидерлерин күнөөлөп жатам»,- деди.



Тектеш кабарлар