ЕБде "стресс чимирткичине" тыюу салынды

ЕБ балдар жана жаштар тарабынан чоң кызыгууну тапкан, «стресс чимирткичи» деп аталган оюнчукту коркунучтуу товарлардын катарына кошту.

ЕБде "стресс чимирткичине" тыюу салынды

Европа Биримдиги (ЕБ) балдар жана жаштар тарабынан чоң кызыгууну тапкан, «стресс чимирткичи» деп аталган оюнчукту коркунучтуу товарлардын катарына кошту.

ЕБнин Ылдам эскертүү системасы жарыялаган «Азык-түлүктөн тышкаркы коркунучтуу товарлар үчүн эскертүү системасы: 2017» отчетунда өзгөчө майда батарейкалар менен жабдылып жарыктандырылган стресс чимирткичтеринин балдардын ден-соолугуна коркунуч туудурганы белгиленди.

Отчетто стресс чимирткичтеринде колдонулган жалпак батарейкалар жутулган учурунда кызык өңгөч жана ичегилерди күйгүзө турганы, оюнчуктун оңой чечиле ала турган майда бөлүкчөлөрү да коркунучтуу экендиги боюнча эскертүү орун алды.

Мүчө өлкөлөр менен бул тема тууралуу маалымат бөлүшкөн отчетто, «Улуттук жооптуу кызматтагылардын коркунучтуу стресс чимирткичтерин белгилеп, чек аралардан кирүүсүнө бөгөт коюулары жана жок кылуулары үчүн керектүү маалымат бөлүшүүсү ылдам жасалды»,деп жазылды.

Ылдам эскертүү системасынын 2017-жылы жалпы 2201 товар туурасында эскерткени маалымдалып, эң көп эскертүү жасалган категориялардын катары менен оюнчуктар, моторлуу унаалар, текстиль товарлары, электрондук аппараттар жана ымыркайды багууда керектелүүчү товарлар деп белгиленди.



Тектеш кабарлар