Макрон Сирияны эскертти

Макрон:«Сирияны атабыз»

Макрон Сирияны эскертти

 

Франциянын президенти Эмануэль Макрон, Асад режиминин Сирияда жарандарга каршы химиялык курал колдонгонуна байланыштуу далилдер табылган учурда химиялык куралдар жайгашкан жерлерди бомбалай тургандарын билдирди.

Элисей сарайында журналисттер менен жолуккан Макрон, Сирияда жарандарга каршы химиялык курал колдонулушунун Франциянын «кызыл чийини» экенин айтты.

Макрон учурда колдорундагы химиялык куралдардын жарандарга каршы колдонулганына байланыштуу далилдердин табылбаганын жана бул темага жакын байкоо салып жаткандарын да белгиледи.

Сириянын адам укуктары уюму, Асад режиминин буга чейин 211 жолу отурукташуу жерлерине карай химиялык курал менен кол салганын, бул куралдардан 1 миң 357си карапайым тургун болуп жалпы 1 миң 421 кишинин каза болгонун билдирген болчу.



Тектеш кабарлар