Ысык чай ракка алып келиши мүмкүн

Илимпоздор эскертишти.

Ысык чай ракка алып келиши мүмкүн

Кытайда илимпоздор, ысык чайдын кекиртек рагы коркунучун арттыра турганын билдиришти.

«Annals of Internal Medicine» журналында жарыяланган макалага караганда, изилдөө убагында 30-79 жаш курактарындагы 456.155 кишинин 10 жыл бою ден-соолугу жана тамактануу көнүмүштөрү иликтенди.

Буга караганда, күнүгө тынбай чай ичкен жана кеминде 15 грамм ичимдик ичкен кишилердин кекиртек рагына кабылуу коркунучунун 5 эсе артканы байкалды.

Иликтөөдө чылым чеккен кишилердин ушул эле ооруга кабылуу коркунучунун болсо 2 эсе артканы аныкталды.

Жылуулугу 65 °C жогору болгон суусундуктардын ички органдарга зыян тийгизгенин жана рак коркунучун арттырганын белгилешкен илимпоздор, ысык суусундуктар, алкоголь жана тамекинин чогуу колдонулбашы керектиги боюнча да эскертишти.



Тектеш кабарлар