БУУ Кудус (Иерусалим) темасы менен чогулууда...

БУУнун коопсуздук кеңеши Түркиянын демилгеси менен Кудус тууралуу учурдагы абалдын бир жактуу өзгөртүлүшүнө каршы чыккан токтом долбоорун сүйлөшөт.

БУУ Кудус (Иерусалим) темасы менен чогулууда...

БУУнун коопсуздук кеңеши Түркиянын демилгеси менен Кудус тууралуу учурдагы абалдын бир жактуу өзгөртүлүшүнө каршы чыккан токтом долбоорун сүйлөшөт.

АКШнын Кудусту (Иерусалим) Израилдин борбор шаары деп кабыл алган токтомунун БУУнун тийиштүү токтомдоруна терс түшкөнүнүн себебинен укуктук жактан жараксыз болуп эсептелишин көздөгөн долбоор,  Түркиянын да тыгыз аракети менен БУУнун коопсуздук кеңешинин күн тартибине алып келинет.

Долбоордун учурда БУУнун коопсуздук кеңешинин мүчөсү Египет тарабынан сунуштала турганы, сунуштун ээси болсо Палестина экени белгиленди. Бирок АКШнын Кудус токтомун жарыялоосунан кийин тынымсыз дипломатия процессин жүргүзгөн Түркиянын бул процесстеги маанилүү роль ойногону баса белгиленди.

Долбоордун сунушунда Кудус тууралуу ушул убакка дейре болгон БУУнун токтомдору шилтеме кылынып, Кудустун акыркы статусунун бир жактуу кадамдар менен эмес «Палестина жана Израилдин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн негизинде» белгилене турганы орун алды.

Долбоордо Кудустун статусун же демографиялык түзүлүшүн өзгөртүүгө багытталган бардык бир жактуу кадамдардын «укуктук күчү болбогон, жараксыз жана тийиштүү келишимдерге ылайык жоюлушу керек болгон» кадамдар экени белгиленди.

Долбоордо айрыкча кайсы бир өлкөнүн элчилигин Кудуска көчүрбөө боюнча чакырыкка да орун берилди.

АКШнын аты аталган долбоорду БУУнун коопсуздук кеңешинде «вето кылуу» ыктымалдуулугу жогору болгону, эгер ошондой болсо маселе БУУнун башкы ассамблеясына алып барыла турганы жана ал платформада 3төн 2 көпчүлүк менен кабыл алынышы үчүн аракет кылына турганы баса белгиленди.

АКШнын президенти Дональд Трамп, 6-декабрдагы жарыясында Кудусту бир жактуу түрдө Израилдин борбор шаары деп кабыл алганын жарыялаган, аймакта жана дүйнө жүзүндө бул токтомго каршы нааразылык акциялары уюштурула баштаган.

Чыгыш Кудусту 1967-жылы 5-июнда басып алган Израиль, 1980-жылы бир жактуу түрдө шаардын чыгышын жана батышын «бириккен борбор шаары» деп жарыялаган. БУУнун коопсуздук кеңеши 1980-жылы кабыл алынган 478 номердүү токтому менен Израилдин аннекциялоосун жана борбор шаар деп жарыялоосун жараксыз деп эсептеди. БУУнун коопсуздук кеңешинин алкагында АКШ менен кошо эл аралык коомчулук Чыгыш Кудустун басып алуу астында экенин кабыл алган. Израиль бийлигин тааныган бардык өлкөлөрдүн элчиликтери Тель-Авивде орун алган. Эч бир өлкө Кудусту же чыгыш жана батыш бөлүмдөрүн борбор шаары деп кабыл алган эмес.



Тектеш кабарлар