В. Путин АКШны эскертти

Орусиянын президенти АКШнын орто аралыктуу  атомдук күчтөр келишиминен чыга турган болсо буга окшогон каршылыкты беришерин билдирди.

В. Путин АКШны эскертти

Орусиянын президенти В. Путин АКШнын орто аралыктуу  атомдук күчтөр келишиминен чыга турган болсо буга окшогон каршылыкты беришерин билдирди.

Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлгөн «Валдай» форумунда сөз сүйлөгөн Путин ушул күнгө чейин  Орусиянын INFге толугу менен баш ийгендигин жактады. Путин Орусиянын жаңы ракеталарды чыгаруу, келишимге баш ийбөөчүлүк менен күнөөлөнгөндүгүн ортого салды.

АКШнын келишимден чыгышы менен дароо буга окшогон каршылыкты беришерин белгилеген Путин : «Келишимге кол койгондон мурда АКШнын деңизде жана абада колдоно ала турган системалары бар. Ушул себептен келишим негизинен Советтер союзунун куралсызданышына карата эле»,- деди. Путин Орусиянын эми Калибир жана буга окшогон системаларды чыгаргандыгын белгилеп : «Эми тең салмактуулук түзүлдү»,- деди.

INFге Советтер союзунун мурунку президенти Михаил Горбачев менен АКШнын президенти Рональд Рейган тарабынан 1987 -  жылы 8 -  декабрда кол коюлган болчу.



Тектеш кабарлар