Түндүк Корея «бир канча айдын» ичинде АКШны ядролук курал менен аткыдай деңгээлге жетет

Американын Борбордук чалгындоо агенттигинин (CIA) директору Майк Помпео, ушундай чалгындоо бар экенин билдирди.

Түндүк Корея «бир канча айдын» ичинде АКШны ядролук курал менен аткыдай деңгээлге жетет

Американын Борбордук чалгындоо агенттигинин (CIA) директору Майк Помпео, Түндүк Кореянын «бир канча айдын» ичинде өлкөсүн ядролук курал менен аткыдай деңгээлге жете турганын айтты.

Өз көз караштарына караганда Түндүк Кореянын бул максатка жетүүнүн босогосунда болгонун жактаган Помпео, бул акыркы кадамды кантип токтото ала тургандарына багытталышы керектигин айтты.

Вашигтондо ой-пикир мекемеси Демократиялардын жакталышы коомунда сөз сүйлөгөн Помпео, Түндүк Кореянын ядролук кол салуу көлөмүнө жетишине акыркы бир кадам калганын жана буга каршы даярдык көрүлүшү керектигин жактады.

Майк Помпео: «Ядролук дарамет жагынан максаттарына ушунчалык жакындашты. АКШ перспективасынан карай турган болсок Түндүк Корея максатына жетүүнүн босогосунда тургандай мамиле кылышыбыз зарыл»,-деди.

Помпео, Түндүк Кореянын бул жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүдө абдан ылдам мамиле кылганы үчүн буларды толук түрдө белгилөө жагынан чалгындоо жетишсиз болгонун кошумчалады.

Помпео: «Эми айлардан сөз кылганыңарга караганда муну кеңири түрдө түшүнүү дараметибиз жетишсиз. Бул шейшемби күнү болсо да, 1 айдан кийин болсо да биз учурда президент Трамптын айтканындай (Түндүк Кореянын лидери) Ким Чен Ындын бул дараметке жетишпөөсүн камсыздаш үчүн глобалдык иш-аракетке муктаждыгыбыз бар»,-деди.



Тектеш кабарлар