Трамптын Иранга өчү барбы?

Трамптын Иран менен 2015-жылы жетишилген "Атомдук" келишимдин жоюлушу боюнча ойлорун дагы күчтүү түрдө айта турганы маалымдалууда.

Трамптын Иранга өчү барбы?

АКШнын президенти Дональд Трамп, бүгүн өлкөсүнүн Иранга карай жаңы стратегиясын жарыялайт.

Трамптын Иран менен 2015-жылы жетишилген "Атомдук" келишимдин жоюлушу боюнча ойлорун дагы күчтүү түрдө айта турганы маалымдалууда.

Бул учурда Ирандын атом энергиясы мекемесинин төрагасы Али Акбар Салихи, "Атомдук" келишимдин күчүндө калышы үчүн Европадан колдоо издөөдө.

Салихи, Англиянын борбор калаасы Лондондогу жолугушуулары убагында басма сөз мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип, Ирандын төңкөрүшчүл гвардиясынын террор тизмесине киргизилишинин АКШнын Иран калкына карай душмандай мамилесинин чыгарылышы боло турганын айтты.

Салихи Р5+1 өлкөлөрү катары билинген БУУнун коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү жана Германия менен 2015-жылы кол коюга жетишилген "Атомдук" келишимдин акыбетин сүйлөшүш үчүн Англиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон менен жолукту.

Салихи АКШнын Ирандын төңкөрүшчүл гвардиясын «террор тизмесине киргизүү» ыктымалдуулугуна да сереп салды.

Мунун АКШнын Иран калкына карай душмандай мамилесинин чыгарлышы боло турганын айткан Салихи: «Ар бир өлкөнүн армиясы жана куралдуу күчтөрү, ал өлкөнүн коопсуздугунун кепили болуп саналат. Ошондуктан бул багытта таштала турган чечимди, согуш жарыясы катары санайбыз»,-деп айтты.

Иран менен "Атомдук" келишимдин акыбети Орусиянын да күн тартибинде.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, тышкы иштер министри Сергей Лавровдун АКШлык кесиптеши Рекс Тиллерсон менен Ирандын атомдук программасы тууралуу абалды сүйлөшкөнүн маалымдады.

Министрликтин бул тема тууралуу жарыясында, «2015-жылы БУУнун коопсуздук кеңеши бекиткен Ирандын атомдук программасы тууралуу «Кеңири биргелешкен иш-аракет планынын» айланасындагы абал каралды. Лавров, Тегерандын пландын алкагындагы бардык жоопкерчиликтерге баш ийгенине көңүл бурду жана аты аталган документке башка тараптардын да баш ийиши керектигин баса белгиледи»,делди.



Тектеш кабарлар