Күн тартиби-40

Нацизм Европа парламентинде

Күн тартиби-40

Дүйнө жүзүндө Германиядагы шайлоонун жыйынтыктары катардагы окуя сыяктуу кабыл алынды.

Чындыгында Нидерландия, Франция жана Бельгиядан кийин Германияда да жикчил партия парламентке кирди жана бул топ Европа Парламентине өкүлдөрдү жиберет.

Мындайча айтканда нацизм пайда болуп бүтүндөй Европага жайылган жерлерден нацисттер Европа Парламентинде болушат.

Чындыгында дүйнө жүзү муну баш аягына чейин ойлонуп, туш болгон маселеге чечүүчү жол табышы керек. Тилекке каршы бул темада эмнегедир өзгөчө батыш интеллигенциясы үн катпоону тандады. Бирок үн катпасаңыз да, үн катсаңыз да  нацизм жаныбары бир күнү сиздин да каалгаңызды чертет. Европанын идеяларынан жана маданий баалуулуктарынан алыстоосу менен бирге нацизм жана жикчилдик жашоо аянтын таба баштады.

Батышты батыш кылган эки баалуулугу бар эле. Булардан бирөө демократия, экинчиси болсо адам укуктары темасындагы корутундусу болчу.  Тилекке каршы Суук согуштан кийин батыш дүйнөсү бардык маданияты үстүнө курулган ушул эки баалуулукту туш келди колдоно берди.

Массалык байланыш куруучу инструменттер жайылды. Ушундайча бири-биринен эң эле алыста турган эки адам күнүмдүк турмуш тууралуу маалымат жана кабарга бир убакта жетүү мүмкүнчүлүгүн тапты. Чыгыштын адамы маалыматка жеткен сайын жеке киши, коомчулук жана мамлекет катары дагы көп эркиндикти талап кылды.

Бул талаптар Батыштын демократия темасындагы эки жүздүүлүгүн ортого чыгарды. Чыгышта жеке кишилер, өз мамлекеттерине карата ар түрдүү эркиндик талаптарын айтып, бул үчүн аракет кыла алышат. Бул талаптарын ишке да ашырышы керек. Эмнегедир жеке кишилик эркиндик коомчулук жана мамлекеттик деңгээлде иштей баштаганда, мына ошондо батыш дароо 180 градуска бурулду.

Батышка караганда биз чыгыштык адамдын эркиндик жана дагы көп каржылоо талабы батыштын кызыкчылыктары орун алган чекке чейин эле.

Мисал үчүн европалык бир автомобиль фирмасынын Германия жана Индиядагы ишканаларында бирдей эле ишти кылган эки жумушчусун салыштырып көрөлү. Европалык автомобиль фирмасы жумушчулардын профсоюздук укуктарын коргош үчүн колдорунан келген аракетти жумшашат. Бул жерге чейин караганыбызда батыштык капиталист үчүн биринчи пландын киреше эмес, жумушчулардын эркиндик жана жашоо деңгээли турат. Чындыгында иш жүзүндө абдан башкача.

Мисал үчүн автомобиль фирмасынын Германияда жасап чыгарган модель менен Индия, Пакистан, Түштүк Корея же Түркияда жасап чыгарган окшош эле моделдин бүткүл дүйнөдө баасы бирдей. Бирок ал моделди жасап чыгарган жумушчулардын айлык акыларынын арасында чоң айырмачылык бар. Германиядагы жумушчулар үйүнө күнүгө эт алып барып Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун стандарттарына жараша тамактана алышат. Ал эми индиялык жумушчунун алган айлык акысы немис жумушчунун бир жумада алган акысынан дагы аз.

Бул карама-каршылыктуу абалды капиталистке айтканыңызда алган жообуңуз кемсинтүүчү, өгөйлөтүүчү болот.  Ошондой эле түрдө мамлекеттердин тең укуктуу деңгээлде карым-катнаштарын түзүү талабы да батыштыктар тарабынан анчейин жактырыла бербейт. Эксплуатациялоочу көнүмүштөрүн ултанткысы келет. Жалаң кемсинтүүчү жана жогорудан караган, буйрук берүүчү түшүнүк бар.

Мисал үчүн сиз чыгыштык бир өлкөнүн лидерисиз. Ачык, жасалмалоосуз шайлоо менен элиңиздин жарымынан көбүнүн добушун алып шайланасыз жана сиз өлкөңүздүн кызыкчылыктарын батышка каршы коргоого жана алар менен тең укуктуу экендигиңизди айта баштагандан тарта сиз дүйнөнүн эң жаман адамы болосуз.

Парламентиңиз, басма сөзүңүз, сотуңуз, университетиңиз, кабарлашуу системаңыз цензурасыз жана эркин түрдө иштегенине карабастан дароо атыңыз диктатор болуп чыга келет.

Сиз ар бир үкөк курулганда көз карандысыздыкка суусаган калкыңыз тарабынан дагы көп колдоого алынган сайын батыштыктын көзү алдында сиз дагы көп диктаторсуз.  Сиз элиңизден 52 пайыздык добуш алып мамлекет башчысы болсоңуз да жасалмалоочу болосуз. Ал эми 31 пайыздык добуш алып өз өкмөтүн башкарган европалык саясий лидер демократиянын жеңүүчүсү болуп саналат аларда...

Бир аз мурда да белгилеп кеткеним сыяктуу маалыматтын  эл массасына жетүүсүндө бардык дубалдар жоюлганы үчүн Түркиядагы уйчу менен Гамбургдагы немис саясатчы бир эле маалыматка бир эле убакта жете алат. Жана акылуу түрдө түрк уйчусу бул жерде бир терстик бар дейт.

Муну шериктеши, өнөктөшү катары эсептеген батыштыктан сурайт. Батыштык болсо тынымсыз кемсинтүүчү мамилесин улантат. Чыгыштан суроолор жана эркиндик тууралуу талаптар көбөйгөндө батыштык саясатчы ичкериде улутчулдук сөздөрдү айта баштайт. Батыштын күчтүү партиялары, саясий популизм жана бийлик үчүн майда жикчил партиялардын колдонгон сүйлөмдөрүн колдоно башташат. Демократиядан, адам укуктарынан алыс жана убак-убагы менен жек көрүү кылмышына жеткен айтымдарга кайрылган бул кеңири массалуу партиялар Педиганы, Нацизмди, шовинзмди кайрадан күүлөдү.

Жалгыз гана массалык партиялар эмес, дүйнөлүк адам укуктарын жактоочу солчул жана социал демократ партиялар дагы жикчил, өгөйлөштүрүүчү шовинист тил колдонду. Ошон үчүн бул жикчил, жек көрүүнү ойготуучу тилди социализм, социалдык демократия жана негизги адам укуктары аркылуу айтышууда.

Батыштын акыркы чейрек кылымда саясатчыларынын дээрлик бардыгы бул жаңылыштыкты кылып кар тогологун чоңойтушту жана учурда көчкүгө айланды.

Мисалга алсак Нидерландия... Шайлоодон бери дээрлик бир жыл өтүптүр. Жикчил партиянын айынан өлкөдө дагы деле өкмөт түзүлө алган жок. Бельгиянын да абалы Нидерландиядан башкача эмес. Австрияны сурасаңыз нацизм темасында Германия менен жарышып жаткансыйт. Демократиялык күрөштүн бешиги болуп саналган Францияда дагы саясатчылар жикчил айтымдардан бирдеме үмүт этип жатышат.

Көп жылдар бою тынымсыз болгон жаңылыштыктар, Европа Парламентинин каалгасын жикчил жана нацист парламентарларга акырына дейре ачты. Европа туш болгон экономикалык жана саясий кризис күүлөгөн жикчилдиктен пайда табаарын күткөн массалык партиялар да бул сабатсыз айтымдарга киришишет.

Жикчилдик жана нацизм кылмышы тилекке каршы жаңы мезгилде Европанын сөзү болууга талапкер. Эң эле капага салганы болсо түзүлгөндө толугу менен адамдык баалуулуктар жана демократиялык принциптерден эч качан чыкпай тургандарын жарыялаган Европа Парламентинде эми нацист жана жикчил айтымдар менен катар жек көрүү кылмышы да «пикир» катары айтылат. Европалык интеллигенция муну билишет го деп ойлойм.



Тектеш кабарлар