Күндүн нурун топтоо

Күн тартиби-39

Күндүн нурун топтоо

                          Күндүн нурун топтоо

Кошоматчылык согуштары, Европада саясатчылардын ылдам түрдө нацизмге багыт алуулары жана Жакынкы Чыгыштагы тыйылбаган согуштар адамдардын келечекке карай үмүттөрүнө терс таасир тийгизүүдө. Дүйнө жүзүн алааматка түртүш үчүн акылга сыйбаган иштерди кылгандар менен катар жашоо үчүн үмүт тартуулаган адамдар да бар албетте.

Чейрек кылымдан берки эң сонун кабарды өткөндө Австралиядан алдык. Ал кабарда Сидней университетинин илимпоздору компьютердин чипинде нурду үн толкундары түрүндө топтой алуучу эмгекке жетишишти.

Физика билимин алган бирөө катары мен үчүн ишенилгис кабар болду. Дароо изилдөөлөрдү баштадым. Илимий журналдарды барактап жатканда кабардын чындык экенин билген соң кубанганымдан эмне дээримди билбей селейе түштүм. Мисал үчүн сүйгөн кишиңиз баш кошуу сунушуңузду кабыл алганы же ата болгондогу сезимдериңиз сыяктуу эле толкундануу болду мен үчүн. Бир гана мен үчүн эмес, физика билимин алган жана физика илими менен алектенген ар ким үчүн бул жаңылыктын бере турган кубанычы теңдешсиз. Анткени адам баласы жүз жылдай убакыттан бери нурду топтоо үчүн эмгектенип келишти. Өзгөчө АКШлык илимпоздор 1949-жылдан бери нур топтоо эмгектерин тынмсыз улантышууда. Бул жагынан алганда эң көп убакыт, эмгек жана акча каржылаган Американын академия дүйнөсү болду.  Түркияда болсо тилекке каршы 2000-жылдардын башына дейре бул эмгектер маалымат деңгээлинде эле болду.  Президент Режеп Таййип Эрдогандын өлкөнүн лидерлигине шайланышынан кийин бул багыттагы иш-аракеттерге Түркия Республикасы да олуттуу бюджет жана көңүл бөлө баштады.

Түркия, бул эмгектерге канчалык кеч баштаса дагы күндүн энергиясынын энергияга айландырылышы менен айрым нурларды коргоо өнөр жайында колдонуу эмгектери менен дүйнөнүн маанилүү өлкөлөрүнүн арасында орун алуу боюнча ийгиликке жетишти. Мисал үчүн лазер нуру эмгектерине дүйнө жүзүнөн 50 жыл кийин баштаганына карабастан учурда келип жеткен жери Пентагон менен теңтайлаша турганчалык деңгээлге жетти.

Анда дүйнө жүзү бул укмуш төңкөрүшкө кантип жетти, кыскача тарыхына жана келечекте бизге кошо турган салымына токтоло кетели.

Популярдуу «Science» журналынын 1949-жылдын март айындагы санында Массачусетсте МIT инженерлеринин күндүн энергиясы менен жылыган үй салгандарын түшүндүргөн. Күндүн энергиясы залына жайгаштырылган  Глаубер тузу, башкача айтканда натрий-сульфат танкерлерине толтура болчу. Туз 32 градуста ээрийт жана энергияны суудан дагы эффективдүү түрдө сактайт. Химик Мария Телкс менен архитектор Элеанор Раймонд өнүктүргөн система күндүн ысыктыгын натрий-сульфат бочкаларына багыттайт. Бул бочкалар да аба ырайы суук болуп жатканда же күн тийбей турганда үйдүн ичин жылытчу. Тилекке каршы үйдөгү эсеп базарга шайкеш келген жок. Үйдө олтургандар кышында жетиштүү түрдө жылына алышпайт, бочкалар болсо дайыма тешилип чубурулуп агып турчу. Бул үйлөргө киргендер бир канча жыл жашагандан кийин кайра качышчу.

Бул процессте башка эмгектер да болду. Илимпоз Айс Беар (Ice Bear)  түнкүсүн суу бассейнин тоңдуруп муз блокторуна айланыдырып энергияны топтой баштаган. Күндүз  муз муздатуу системасы үчүн пайдаланылды. Модулдук батареяларында шамал жана күн энергиясын топтоо үчүн уулуу же күйбөгөн туздуу суу аралашмасынан пайдаланылды.

Адам баласы ушундайча нурду энергия катары маселесиз топтоону аткара алды. Дароо андан кийин нурду, нур катары топтоо эмгектерине багытталды. Компьютер технолгиясынын өнүгүшү менен сектордун дөө-шаалары бул иштер үчүн эбегейсиз чоң бюджеттерди бөлүштү жана дагы деле бөлүп жатышат. Ал эми бул эмгекти аткара алуу, дүйнөнүн бир бурчунда бир университеттин чектелген бюджети менен иштеген илимпоздоруна насип болду. Ошентип адам баласы нурга таянган көрсөткүчтөрдү алгач ирет бир компьютер чипинде үн толкундары түрүндө топтой алды.

Бул табылга от, акча жана буу машинасын ойлоп табуу сыяктуу маанилүү бурулуш жер болуп саналат. Эң жөнөкөй деңгээлде мисал берсек, жарыктын ылдамдыгындай иштеген компьютерлер эми жашообузда орун алат. Дата которуу да жарыктын ылдамдыгындай болот. Бул бир гана маалыматтын которулушу жана маалымат сактоонун ылдамдыгына жараша болот.

Бир тараптан адамдын жашоосун толугу менен өзгөртө турган табылга болуп саналат бул. Энергия резервдерине ээ болуш үчүн башталган согуштардын мезгили жабылат. Геноциддер, массалык кыргындар болбойт. Анткени нурдун топтолушу деген энергиянын топтолушу дегенди берет жана аны топтоо дагы да жеңилдейт. Нурдун топтолушунун үстүңкү баскычы нурдун кагылыштырылышы же Мендел ыкмасынан илхом алынып өндүрүлүшү күн тартипке келе алат.

Саламаттык сактоо тармагында да төңкөрүш болот. Өзөктүк клеткаларынын иштөөсү жана клетка өндүрүү процесстери абдан ылдамдайт. Бүгүнкү күндө жумалап созулган клетка өндүрүү эмгектери бир канча саатта же мүнөттөрдө аткарыла баштайт. Сөөк жана тиш жасоо да ишке ашат. Адамдардын жасалма кол, жасалма бут, протез тиш же имплант маселеси калбайт. Нурдун топтолушу бул эмгектерди абдан ылдамдатат.

Дүйнө жүзүнүн эң чоң маселелринен бири болгон азык-түлүк өндүрүү жана сактоо маселеси да жоюлат. Күндүн нурунун топтолушу деген нур витаминдеринин да топтолушу дегенди берет. Күндүн витаминдеринин радиоактив тектүү оорулардын дарыланышында колдонулганы чындыгын эстегенде бул табылганын эмне экени дагы жакшы түшүнүлөт.

Бир жолу Нил Амстронг айда таштаган алгачкы кадам үчүн «Бир киши үчүн кичине бир кадам, бирок адам баласы үчүн чоң кадам» деп айткан. Бүгүнкү күндө нурдун кичине бир чипте топтолушу адам баласынын эң чоң ийгиликтеринен бири болуп саналат.



Тектеш кабарлар