Орусиянын Түркиядагы жаңы элчиси дайындалды

Жаңы элчи, 2016-жылы кол салууга дуушар болгон Андрей Карловдун ордуна дайындалды

Орусиянын Түркиядагы жаңы элчиси дайындалды

Орусиянын президенти Владимир Путин, Алексей Ерховдун Орусиянын Түркиядагы элчилигине дайындалышын көздөгөн жарлыкка кол койду.

Ерхов, 2016-жылы кол салууга дуушар болгон Андрей Карловдун ордуна өтөт.

Орусиянын Стумбулдагы мурдагы башкы консулу болгон Ерхов, акыркы жолу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин кризисти жөнгө салуу бөлүмүнүн директорлук кызматын жүргүзгөн болчу.

Анкара элчилик кызматына, Карловдун өлүмүнөн берки алты айлык мөөнөттө эч ким дайындала элек болчу.

 



Тектеш кабарлар