Лавров АКШны эскертти

Лавров, АКШ жетектеген коалициялык күчтөрдүн Раккада Сирия армиясына таандык бир учакты атып түшүргөнү тууралуу серебин салды.

Лавров АКШны эскертти

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШга Сириянын бекитүүсү болбогон бир жактуу кыймылдардан алыс туруу чакырыгын салды.

Лавров, АКШ жетектеген коалициялык күчтөрдүн Раккада Сирия армиясына таандык бир учакты атып түшүргөнү тууралуу серебин салды.

Кытайдын борбор шаары Пекинде  БРИКС өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуусунун алкагында өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Лавров: «Сирияда болгондор тууралуу сүйлөшө турган болсок Сириянын көз карандысыздыгы жана жеринин бүтүндүгүнө урмат-сый көрсөтүлүшү керек. Кургактыктагы кандайдыр бир кыймыл темасында Дамасктын бекитүүсү алынышы керек»,-деп айтты.

Орусия, Иран жана Түркиянын Астана процессинин алкагында сунуш жана демилгелеринде Сирия өкмөтү менен макулдашканын да баса белгилеген Лавров: «Бардык тараптар ушундай мамиле кылышы керек. Сириядагы коопсуз аймактар, илгерилөөнү камсыздоо үчүн ыктымалдуу альтернативалардан бири. АКШ жана Сирияда күчтөрү же акыл үйрөтүүчүлөрү болгон бардык тараптарды өкмөттүн бекитүүсү менен аткарган иштерибизге координациялуу болууга чакырабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар